Өзбекстан "аскерлердин күжүрмөн даярдыгын текшеребиз" деп кыргыз тарапка нота жөнөттү

Бүгүн, 25-ноябрда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинин нотасы келип түштү.

Нотада өзбек тарап 26-ноябрда Өзбекстандын аскерлеринин күжүрмөн даярдыгын текшерүү иштери өткөрүлө тургандыгын кыргыз тарапка маалымдайт. Текшерүү иштери өзбек аскерлеринин жана күчтөрүнүн күжүрмөн даярдыгын баалоого багытталган.

Нотада белгиленгендей, иш-чаралар Өзбекстандын башка мамлекеттерге карата мурда кабыл алган бардык милдеттенмелерине ылайык өткөрүлөт жана ал мамлекеттердин кызыкчылыктарына каршы багытталбайт.

Министрлик келип түшкөн нота тууралуу өлкө жетекчилигине жана тиешелүү мамлекеттик органдарга ыкчам түрдө маалымдады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
dastan.bujun
2018-11-25 22:28:22
Жон эле койбоптур да.
+1
zahid
2018-11-25 23:51:00
Ошондо бул эмне жонундо кабар берет
0
bek_tash
2018-11-26 00:13:57
Даярдангыла!!!
-1
Samina007
2018-11-26 00:30:07
Бул дегени силер кабатыр болбогула,өзбекстан өз армиясын күзгү аскердик даярдыгын,күжүрмөндүгүн көрсөтөт.Баардык мамлекетте болот мындай күзгү,кышкы,жазгы ,жайкы даярдык.
+3
Baku88
2018-11-26 01:30:43
Мен дагы тушунбодум иши кылып тынч болушсун текшерип десе биз жака ок аттырат окшойт деген ой кылт этип кетти андай болчу болсо нотасын артка кайтаргыла
0
AZATI
2018-11-26 02:28:17
Күжүрмөн-дегени разведка, аскер даярдыгы, тактика сыятуу дегенди түшүндүрөт. Мындай иш чаралар аскер бөлүктөрү ичинде дагы болуп турат. Бул жөн гана машыгуу.
+2
Birimdik5555
2018-11-26 02:48:27
Биздикилер артта калса керек
+1
Umakg
2018-11-26 09:58:28
Озбекистандын ырчыларын саны 6-миллиондон ашык биз обший 6-миллион чыгабыз бирок озбектердин армиясы ото кучтуу деп угуп журом тынчтык эле болсун дуйно жузундо....
0
Zhoro
2018-11-26 11:06:53
Кужурмон откором деп дагы бир айылга бомба ташатабасын канчанчы жылы болду эле чон алайда сес корсотуп, биздикилер болсо тушунуктуу
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан