Бүгүн, 26-ноябрда таңкы саат 05:18де Алай районунда жер титиреди. Сейсмология институтунан кабарлашкандай, силкинүүнүн күчү очогунда 4,5 баллга жетти.
Жер титирөө Алай районунун Көк-Суу айылында 4,5 балл, Эркеч-Там, Нура айылдарында 4 балл жана Кара-Киндик айылында 3 баллга чейин сезилген.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алдын ала берилген маалыматтарга таянып жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталбаганын кабарлады.