Өкмөт 12 миллион долларлык кредит алганы жатат. Депутаттар макул

Бүгүн, 26-ноябрда Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйыны өтүүдө. Анда Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынан 24 миллион долларды бюджетке жардам катары алуу маселеси каралып жатат.

"24 миллион доллардын 12 миллиону грант түрүндө, 12 миллиону жеңилдетилген насыя түрүндө алынып жатат. Насыя 38 жылга берилип, 6 жылы жеңилдетилген мөөнөт. Үстөгү 0,75 пайыз. Келишимге 14-ноябрда кол койгонбуз. Парламент тез колдоп берсе, 2019-жылга чейин каражатты алып калышыбыз мүмкүн", - деди каржы министри Адылбек Касымалиев.

Жыйынтыгында парламенттик комитети “Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо (Экономикалык башкаруу чөйрөсүндөгү өнүктүрүү саясатын каржылоо) жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоорун жактырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
Samash-87
2018-11-26 11:39:48
Алгыла корпой ала бергиле 38 жыл иштемек беленер эмнесинен коркосунар,
+6
barakcha
2018-11-26 11:46:07
Кайра кантип кайтарасынар?Же жерибизден болуп бересинерби?Кудай бардыр силерге!
+6
bond02
2018-11-26 11:48:37
Депутаттар койдон жоош да мындайда, алар албетте макул.
+5
kechirmeni
2018-11-26 11:57:53
Тологондон таптакыр дайын жок, алып эле атасынар го
+5
bek_tash
2018-11-26 12:14:33
Жаңы жылдык экенда депуларга
+6
AksyKum
2018-11-26 12:34:32
600$лык кычкачтар эскирдиби
+5
JaneEr
2018-11-26 12:44:45
120 депутат качан азаят ыя?Эл 120 депутатты бага албай карыз болуп жатат.
+6
taalai1008
2018-11-26 12:59:56
Аяз ата келеби ошондо депутаттарга?
+1
Aikaaaa
2018-11-26 13:44:25
Депутаттар макул болбогондо, анан ким макул болмок эле. Көздөрүнөн доллар учуп аткан кездери экен да, жаңы жылдын алдында, кыялдары ишке ашып
+2
Sambet08
2018-11-26 13:55:06
Булар тологонду ойлобойт, алганды эле билишет ХХХХХХХХ
+2
Mamiev
2018-11-26 13:55:20
Бул жепутаттар ошол акча Кыргыз элине кереги тийсин деп макул болмок беле мен дагы жеп калайын деп макул болот да. Жок дегенде эле доллардан куру калат
+1
talas0707
2018-11-26 16:52:38
Качан бизге мыкты жетекчи келет. Карыз албаган карыз берген. Кийинки президентибизден умут квлат экенбиз да. А то бул сокеден уже толк жок
+2
Aytur
2018-11-26 23:51:42
Ошол акчаны ар бири байлыгынын жарымынан берип турса 2 эсе коп топтолмок.
Жемкорлор!
0
shahlet
2018-11-27 02:29:37
Ар бир атуулдун уйундо 600$ кычкачтар (карыздар) кобойуп кетти
0
Suzak12
2018-11-27 02:43:49
Алардан кредит албай жанагы уялам деген депутаттан сурап турбайсынарбы эмнеси болсо да озубуздуку К Жолдошев беле? Или Атамбаевден сурагыла мульти миллонерлер копко бизде.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан