Борбор калаанын мэриясы Жаңы жылга карата эң мыкты жасалгаланган район, конуш жана имарат боюнча сынак жарыялады. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, сынак 1-декабрдан тарта 31-декабрга чейин уланат. Сынакка катышуу үчүн каалоочулар өзү жашаган райондун администрациясына арыз менен кайрылышы керек.
Сыйлыктар төмөнкү номинациялар боюнча ыйгарылат:
Мыкты кооздолгон район:
1-орунга - 50 миң сом;
2-орунга - 40 миң сом;
3-орунга - 30 миң сом;
Мыкты кооздолгон жаңы конуш:
Жергиликтүү аймактык башкармалыктары тарабынан 30 миң сомдон төрт сыйлык каралган;
Мыкты кооздолгон короо
Жергиликтүү аймактык башкармалык тарабынан 20 миң сомдон төрт сыйлык берилет;
Министрлик жана административдик ведомстволордун мыкты кооздолгон аймагы:
1-орунга - 50 миң сом;
2-орунга - 40 миң сом;
3-орунга - 30 миң сом;
Соода борборлорунун мыкты кооздолгон фасады:
1-орун - 100 миң сом;
2-орун - 70 миң сом;
3-орун - 50 миң сом;
Соода-сатык, кызмат көрсөтүү жана кеңселердин мыкты кооздолгон фасады:
1-орун - 70 миң сом;
2-орун - 50 миң сом;
3-орун - 30 миң сом.
Мындан сырткары, 1-2 мүнөткө созулган жеке жана жамааттык видео куттуктоо жана "Жаңы жылың менен, сүйүктүү шаарым!" темасында тартылган селфилерге да сынак жарыяланып жаткандыгын маалымат кызматынан кошумчалашты.