"Майрам күндөрү окуучулар эс алат да, ал окуу күндөрү ишембиге жылдырылып өтөт экен. Бирок мугалимдерге кошумча окутканына эмнеге акы төлөнүп берилбейт?" - деген суроону депутат Сайдулла Нышанов бүгүн, 26-ноябрда парламенттин бюджет жана финансы комитетинин жыйынында айтып чыкты.
Мындан тышкары Нышанов 1-4-класстын мектеп окуучуларына берилип жаткан тамактын каражаты канча экенине кызыкты.
Каржы министри Адылбек Касымалиев өлкө аймагындагы мектептердеги 1-4-класстын окуучуларына берилип жаткан тамактын суммасы жалпысынан 88 миллион сомдун тегерегинде экенин билдирди.
"Ал эми мугалимдердин майрам күндөрү иштегендери үчүн кошумча акы тууралуу маселени карайбыз" - деп жооп берди Касымалиев.
Депутат Сайдулла Нышанов каржы министри Адылбек Касымалиевге жогоруда берген суроолоруна кат түрүндө толук жооп жиберүүсүн талап кылды.