Орусияда кыргыз-казак мигранттарынын ортосунда жаңжал чыкты. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Орусиянын Амурск облусундагы газды кайра иштетүүчү заводдун аймагында, кыргыз жана казак мигранттарынын ортосунда жаңжал чыгып, анын кесепетинен бир жаран жандандыруу бөлүмүнө түшкөн.
Амурск облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы жандандыруу бөлүмүнө түшкөн жаран 18 жаштагы мигрант экенин билдирген.
"Аймактык ички иштер бөлүмү тарабынан "ден соолукка атайын оор зыян келтирүү" беренесинин негизинде кылмыш иши козголду. Шектүү катары 22 жаштагы заводдун кызматкери кармалып, учурда убактылуу кармоочу жайга камакка алынган", - деп айтылат маалыматта.
Айта кетсек, газды кайра иштетүүчү заводдун аймагындагы жаңжал "CPECC" жана "Yamata" фирмаларынын кызматкерлеринин ортосунда чыккан. Казакстандык жарандар "Yamata" фирмасында иштесе, Кыргыз жарандары "CPECC" фирмасында эмгектенет.
Орусиядагы кыргыз элчилиги SUPER.KG порталына окуя боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүп жатканын жана толук маалымат кийинчерээк берилерин белгиледи.