Бүгүн, 26-ноябрда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында депутат Төрөбай Зулпукаров Кыргыз мамлекетинде канча адам жакырчылыкта жашап жатканын, 2019-жылы канча пайызын бул көрсөткүчтөн чыгаруу пландалганын сурады.
"Чарба иштери абдан начар жүргүзүлүп жатат. Учурда өлкөдө канча адам жакырчылыкта жашап жатат жана алардын саны кийинки жылы азаябы?" - деп сурады депутат өкмөт мүчөлөрүнөн.
Каржы министри Адылбек Касымалиев бул тууралуу так маалымат жанында жок экенин айтып, кат түрүндө маалымат берүүнү суранды.
Мындан тышкары Зулпукаров эң аз айлык алган жумушчулардын эмгек акысы качан көтөрүлөрүнө кызыкты.
"Аз айлык алгандардын катарында кароолчулар 2500-3000 сом, сантехниктердики 3000 сом, жүк ташуучу айдоочулардын айлыгы 4 миң 200 сом болчу. Учурда булардын айлыгын эки эсеге көбөйтүп жатабыз", - деди Касымалиев.