Депутат Айтмамат Назаров ички дүң продукциянын көлөмү киши башына 1 300 доллар дегенге эч ким ишенбей турганын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 26-ноябрда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында билдирди.
Ал Статистика комитети так маалымат бериши керектигине токтолду. "Берилип жаткан маалыматтар канчалык деңгээлде так болуп жатат? Уйлардын саны 20 пайызга көп чыкты. 5 райондо 50 миң гектар жер эсепке кирбей калган. Ал жерден канча түшүм алынып жатат? Кыргыз мамлекетинин ИДПсынын көлөмү киши башына 1 300 доллар деп берилип жатат. Казакстандыкы 14 миң доллар экен. Ошондо биздин жашоо Казакстандан 10 эсеге төмөнбү? Иш жүзүндө анчалык эмес да. ИДПнын көлөмү киши башына 1 300 доллар дегенге эч ким ишенбейт. Бул боюнча тактап чыгуу зарыл", - дейт депутат.