"2019-жылы сүйүнчү пулдарды берүүгө канча акча каражат каралды?" - деп бүгүн, 26-ноябрда Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында депутат Улан Примов өкмөттөн сурады.
Каржы министри Адылбек Касымалиев жалпы сүйүнчү пулга 1 миллиард 8 миллион сом каралганын билдирди.
Андан соң депутат Примов сүйүнчү пул жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунуштады. "Мыйзамга толук өзгөртүү киргизүү керек. Тактап айтканда, бардык эле жарандарга сүйүнчү пул бербей, бийик тоолуу жана социалдык жактан колдоого муктаж жарандарыбызга берсек туура болот. Муну менен республикалык бюджеттеги акчаны үнөмдөмөкпүз", - деп сунуштады Примов.
Каржы министри Адылбек Касымалиев депутаттын сунушун колдой турганын билдирди.
"Мамлекеттик ишканаларда иштеген жарандар сүйүнчү пулга муктаж эмес, аны албайт деле. Айыл жергесиндеги жашоочуларга басым жасасак туура. Мен сиздин сунушуңузду колдойм", - деди министр.