Москвада курулуп жактан соода борборунда кулаган түтүктөрдөн жабыркагандардын арасында Кыргыз жарандары жок. Бул тууралуу SUPER.KG`ге Тышкы иштер министрлигинен маалымдашты.
"Москва шаарындагы Троицк жана Новомосковский аймагынын администрациясынын маалыматына ылайык, курулуп жаткан "Саларис" соода борборунда кулаган түтүктөрдөн жабыркагандардын арасында Кыргыз жарандары жок", - деп билдирди министрликтен.
Айрым орус басылмалары жазышкандай, жабыркагандар Өзбекстандын жана Тажикстандын жарандары болгон.
Белгилей кетсек, 22-ноябрда Москвада курулуп жаткан соода борборунда түтүктөр кулап, мигранттарды басып калган. Окуянын кесепетинен 2 адам жаракат алып, бирөө көз жумган.