Бүгүн, 26-ноябрда Жогорку Кеңеште социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин жыйыны өтүүдө.
Аталган жыйында депутат Алмазбек Токторов эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоровдон жөлөк пул тууралуу маалымат сурады.
"Аймактардагы эл менен жолугушууда жөлөк пул алуу үчүн керектүү документтерди чогултууга бир топ убакыт кетүүдө деген нааразычылыктарды айтып жатышат. Бул маселенин чечүү жолдору каралуудабы?" - деген суроо менен кайрылды.
Улукбек Кочкоров бул маселе боюнча иштер жүрүп жатканын айтты.
"2019-жылдын экинчи жарым жылдыгынан баштап бардык документтерди электрондоштуруу боюнча маалыматтар топтолуп, ишке киргизилет. Бирок техникалык жактан бир аз көйгөйлөр бар", - деди министр.