Бүгүн, 26-ноябрда Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында депутат Зиядин Жамалдинов жыл аяктаганына бир гана ай калганын эске салып, алдын ала белгиленген пландын аткарылышына кызыкты.
Каржы министри Адылбек Касымалиевдин айтымында, 2018-жылга карата салыктык киреше адегенде 82 миллиард 366 миллион сом көлөмүндө белгиленген. Бирок өкмөт аны кайра карап, 81 миллиард 827 миллион сомго чейин азайткан. Тактап айтканда, 539 миллион сомго төмөндөгөнүн билдирди.
"Салыктын айрым түрлөрү боюнча объективдүү себептер бар. Мисалы, киреше салыгынын планын 100 миллион сомго төмөндөтүүнү сунуштадык. Анткени ал ансыз деле 2017-жылга салыштырмалуу 110,8 пайызга өстү", - деди министр.
Депутат Зиядин Жамалдинов улутташтырылган "Караван" соода борборунан жылына 150 миллион сомдон кем эмес киреше түшө турганын айтып, аны катуу көзөмөлгө алууну тапшырды.