Жогорку Кеңештин социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин бүгүнкү, 26-ноябрда болгон жыйынында депутат Алмазбек Токторов улуттук статистика комитетинин төрагасы Акылбек Султановдун ишин сынга алды.
Жыйында улуттук статистика комитетинин төрагасы депутаттардын берген суроолоруна толук кандуу жооп бере албаганы үчүн сынга кабылды.
Токторов Султановго "жетекчи катары өзүңүз жооп бериңиз" деген талап койду. "Ар бир суроого тийиштүү кызматкерлерим жооп берет", - деп жооп кайтарды чиновник.