Бүгүн, 26-ноябрда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында Абубакир Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик циркинин жамаатынын кайрылуусу боюнча депутат Аида Касымалиева баяндама жасады.
Эл өкүлү цирктин директору Курмангазы Исанаевдин коррупциялык иштери боюнча эмгек жамааты тарабынан байма-бай арыздар түшүп жатканын билдирди.
"Цирктеги коррупциялык иштер боюнча буга чейин иштеген депутаттар да комиссия түзгөн. Мындан тышкары текшерүүлөр болгон. Бирок 5-6 жылдан бери цирктеги ызы-чуу токтогон жок. Биздин комитет саясий эрк менен ушул маселени бир жактуу кылып, чекит коёт деген ишеним бар", - деди депутат.
Аида Касымалиева цирктин эмгек жамаатынан келген арыздарды тизмелеп айтып берди.
Депутат жарандардан түшкөн арыздарда циркти ижарага берүүдөгү жана билеттерди сатуудагы коррупция жана башка мыйзам бузуулар жазылганын айтты.
Касымалиева цирктеги абал өтө начар экени кайрылуулардын негизинде эле билинип жатканын кошумчалады. Мындан тышкары тиешелүү өкмөт мүчөлөрүнө цирктин абалы менен таанышып, жыйынтык чыгаруусун тапшырды.