Дастан Бекешев "кыйноого кабылды" делген кытайлык кыргыздардын абалын билүү үчүн ТИМге кат жиберди

Кытайдагы кыргыздардын абалын билүү үчүн депутат Дастан Бекешев Тышкы иштер министрлигине кат аркылуу кайрылганы тууралуу маалымат тараган. Аталган маалыматты SUPER.KG порталына депутат өзү тастыктады.

"Кытайдагы кыргыздар бийликтен кордук көрүп жатканы тууралуу чыккан маалыматтарды тактоо, зарыл болсо Пекинге нота жиберүү керек болот. Кытайдын кыргыз, казак улутундагы жарандары "саясий тарбия берүүчү лагерлерде" кармалып жатканы тууралуу кабарлар соңку күндөрү көп чыга баштады. Буга чейин Казакстан Кытайга нота жиберип, расмий сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, ондогон казак түрмөдөн бошотулган. Кыргыз бийлиги Кытайдагы кыргыздардын укуктары боюнча дипломатиялык ыкмаларды колдоно элек. Биздин туугандарыбыздын канчасы түрмөдө экенин билип, кабар алуубуз зарыл" - деп билдирди Бекешев.

26-ноябрда Кытайдан Кыргыз мамлекетине келген кайрылмандар жана кытайлык кыргыздардын жакындары президент Сооронбай Жээнбековго жардам сурап кайрылышкан.

Мындан тышкары Дастан Бекешев Тышкы иштер министрлигине кайрылган катына жооп ала электигин айтып, жооп келсе ишти дароо колго аларын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
monkey92
2018-11-26 18:02:16
Эртерээк аракет кылыш керек болчу. Кокус жиберилген нотага, утопия жолу менен көрсөтүп жооп беришип койсо башка кылаар ишибиз жок.
+1
Aitunuk
2018-11-26 22:21:01
Ал кыргыздар - Кытайдын жарандары. Кытайдын ички саясатына киришүүгө биздин кандай акыбыз бар, өз жарандарыбыздын камын көрө албай, туш тарапка мигрант кылып жөнөтүп жатып.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан