Экс-депутат Асия Сасыкбаева: "Василивецкийдин видеосу "кара касса" чын экенине далил боло алат"

Эки апта мурун адвокат Нурбек Токтакунов 2017-жылкы президенттик шайлоодо талапкер Сооронбай Жээнбеков шайлоо кампаниясына расмий суммадан 10 эсе көп, башкача айтканда, 1,7 миллиард сомдун тегерегинде акча жумшаган делген файлды жарыялаган эле. "Кара кассадагы" маалыматка ылайык, 2010-жылдан тарта КСДПнын саясий технологу болуп келе жаткан Алексей Василивецкийге жалпысынан 12 миллион сомго жакын акча берилген.

Василивецкий өмүрүнөн кооптонуп Кыргыз өлкөсүнөн чыгып кеткенин жарыялады. Ал билдирүү жасап, өзү Орусиянын жараны экенин айтып, мындан улам президенттик шайлоодо үгүт иштерине катышпаганын, бирок талапкер Сооронбай Жээнбековго кеңешчи болуп иштегенин билдирди. Буга чейин Алмазбек Атамбаев да "штабдын эсепчиси эмгек өргүүсүнө чыгып, башка өлкөгө кетип калды, азыр өзүнүн өмүрү үчүн кооптонуп жатат" деген эле.

SUPER.KG порталынын "Токтакунов жарыялаган "кара кассанын" дагы бир күбөсү өмүрүнөн кооптонуп өлкөдөн чыгып кетти. Эми "кара кассанын" окуясы кандай өнүгүшү мүмкүн?" деген соболуна экс-депутат Асия Сасыкбаева жооп берди.

Ал Алексей Василивецкийдин өлкөдөн чыгып кетиши тергөө органдарына көрсөтүлгөн жардам деген пикирин айтты.

"Тергөө органдарына эми "кара кассадагы" бардык адамдарды таап, ким канча алганын, кайсы жактан алганын, жалпысынан канча акча кеткенин аныктоо жеңилирээк болот. Анткени Алексей Василивецкийдин акча алганы көп нерсеге жооп берет жана тизме чын экенине далил боло алат. Василивецкий өзү күбө катары көп нерселерге жооп бериши мүмкүн. Анын видеосу да далил боло алат. Укук коргоо органдары тарабынан "кара касса" боюнча же сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатат же аны иликтегенге эрк жетпей жатат. Мындай учурда Башкы прокуратура биринчилерден болуп реакция кылышы керек эле, андан кийин Борбордук шайлоо комиссиясы, УКМК да реакция жасашы керек болчу, бирок бүгүнкү күнгө чейин унчукпай келет. Бул жерде мыйзам бузулганы көрүнүп турат", - деди Сасыкбаева.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев, коомдук ишмер, юридикалык илимдердин доктору Бекбосун Бөрүбашев, саясат таануучу Игорь Шестаков, журналист Нарын Айып жана жарандык активист Ренат Самудиновдун пикири бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан