Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кызы Алия Шагиева жаңы төрөлгөн кызынын сүрөтүн өзүнүн Инстаграмдагы баракчасына жарыялады.
Шагиева уулу Таир жана жаңы төрөлгөн кызынын сүрөтүн жарыялап экинчи жолу эне болуу бактысы ага кандай сезимдерди тартуулаганын жана төрөт учурунда жолдошу кандай колдоо көрсөткөнүн сүрөттөп жазган. Ошондой эле 2 бала менен үйдүн ичи бакытка жана ызы-чууга бөлөнүп калганын айткан.
Мындан сырткары жаңы төрөлгөн бөбөк да тун уулундай, атасына окшош экенин бакытка балкыган эне бөлүшкөн.
Айта кетсек, Алия Шагиева 21-ноябрда Бишкек шаарындагы Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда көз жарган.