"Бакай Банкта" иштеп ийгиликке жеткен 10 айымдын баяны: 27 жашта жетекчи болуунун сыры

Ушул жылдын 28-декабрында “Бакай Банк” өзүнүн 20 жылдык мааракесин белгилейт. Буга байланыштуу “Бакай Банкта" эмгектенген айымдар менен болгон маектерди жарыялайбыз. Алар өздөрүнүн жумуштагы ийгиликтери жана аялдык бакыттын сырлары менен бөлүшмөкчү. Банкта насыялар боюнча аналитик болобу же кардарлар менен иштөөчү менеджер болобу бардык эле кесип престиждүү деп саналат. Бирок каржы системинде карьера жасоо оңойбу? "Бакай Банктын" эң жаш жетекчиси Мээрим Жекшенова эгер жигердүү иштөөгө даяр болсоң бул мүмкүн деп эсептейт. Ал банкка кантип келип калганы жана 8 жылда катардагы кызматкерден "Бакай Банктагы" чоң бөлүм - кардарларды тейлөө башкармалыгынын башчысы болгонун айтып берди.

Кайсы кесипке ээ болорумду эбак эле тандап койгом. Окууга көп убакыт коротпой тезирээк иштегим келди. Ошондуктан 9-классты бүткөндөн кийин 15 жашымда Финансы техникумуна окууга тапшырдым. Окуу оор болду – катаал дисциплина, билимиң күчтүү болсо гана сынактарды тапшыра аласың”, - дейт ал.

Мээрим Жекшенова окуу жайды 19 жашында бүтүп, дароо эле “Бакай Банкта” иштеп баштаган.

“Мен катардагы кызматкер болуп жумушча орношуп сегиз жыл аралыгында кардарларды тейлөө боюнча бөлүмдүн башчылыгына чейин жеттим. Менин кол алдымда бүгүнкү күндө 80 адам иштейт”, - дейт ал.

Мээрим кыйынчылыктардан коркпойт жана эмнени каалаганын билет. Ийгиликтүү карьера жасаганына бир канча факторлор себеп болгонун айтат.

"Эгер мен бир максат койсом, ага жетүүгө аракет кылам. “Бакай Банкта” кесиптик жактан өнүгүүгө бардык шарттар түзүлгөн. Жетекчилик кызматкерлердин өсүүсүн колдоп, конструктивдүү демилгелерин кабыл алуу менен жаш кадрларга татаал иштерди жасоого ишенип бере алат. Менин жаш курагыма байланыштуу көпчүлүк кызмат ордума тажрыйбалуураак кызматкерлердин иштешин каалашат. 23 жашымда эң жаш бөлүм башчы болдум. 27 жашымда башкармалыктын эң жаш башчысы болдум. Банк, ал жакта иштеген адамдар жана “Бакай Банктын” жетекчилиги менен ийгиликке жете алдым. Көп нерсени ошол жактан үйрөндүм”, - деди Мээрим Жекшенова.

Башкармалыктын башчысынын иши банктагы чоң жана жоопкерчиликтүү иш. Банк үчүн эң башкысы анын кардарлары. Мээрим Жекшенованын кол алдында кызмат көрсөтүү операциялары бөлүмдөрү, касса, бэк-кеңселер, сатуу бөлүмдөрү жана Бишкектеги бардык сактык кассалары иш алып барышат.

Карьера жасоого аракет жана иш графигинин тыгыздыгы каарманыбыздын үй-бүлө курушуна тоскоол болгон эмес. Аны жолдошу толугу менен колдоп турат. Ал өзү да банкта иштегендиктен банк кызматкеринин жумушу кандай экенин жакшы билет. “Менин үй бүлөм – менин тирөөчүм, колдоочум. Жолдошум мен үчүн карьера канчалык маанилүү экенин билет. Банкта ар бир адам карьера жасай алат деп ишенем. Мен керектүү учурда керектүү жерге келгеним үчүн эмес, көп эмгектенгеним үчүн жетекчи боло алдым”, - дейт ал.

***

"Бакай Банк" ААКсынын башкы кеңсесинин дареги: Бишкек шаары, Исанова көчөсү 77; Байланыш телефондору: 0312610061, 6111, WhatsApp +996554006111. www.bakai.kg

"Бакай Банк" ААКсы 20 жылдан бери Кыргыз мамлекетинин жашоочуларына финансылык кызматтын кеңири түрүн көрсөтүп келе жатат. Азыркы учурда өлкөнүн бардык аймактарында Банктын 70 филиалы жана сактык кассалары бардык кардарларга бат жана ыңгайлуу тейлөөлөрдү жүргүзүп келет.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан