Кечээ, 26-ноябрда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында "Расмий статистика жөнүндө" мыйзам долбоору 1-окууда каралды.
Мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаттары Мурадыл Мадеминов, Бактыбек Турусбеков демилгелеген.
Бактыбек Турусбековдун маалыматына ылайык, мыйзам долбоору улуттук статистика системинин натыйжалуу иштешин камсыз кылуу, жогорку сапаттуу расмий статистиканы өндүрүү, коомчулуктагы расмий статистикага болгон ишенимди бекемдөө болуп саналат. Мыйзам долбоору менен “мамлекеттик статистика” же “улуттук статистика” терминдеринин ордуна “расмий статистика” терминин колдонуу сунуш кылынат. “Расмий статистика” термини эң алды менен сапат аспектисине басым жасалган, ошондой эле колдонуучулар үчүн берилген маалыматтардын макамы жана сапатын жогорулатууга талап болот.
Айрым бир маселелер такталып, статистикалык маалыматтар так болушу керек деген тилектер менен мыйзам долбоорун жактыруу чечими кабыл алынды.