Кечээ, 26-ноябрда биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов Ош жана Жалал-Абад облусуна жумушчу сапары менен барды. Бул тууралуу өкмөттүн сайтына жарыяланды.
Биринчи вице-премьер-министр иш сапарынын алкагында өсүмдүктөрдүн карантини боюнча лабораториянын курулушунун жүрүшү менен таанышты.
Боронов Орусияга тийиштүү жабдууну ташып келүүнү тездетүү тапшырмасын берди. Ал лабораториялар фермерлерге айыл чарба продукциясын экспорттоо үчүн жакшы шарттарды түзүп берүү болуп саналат. Лабораторияларды Евразия экономикалык биримдигинин талаптарына ылайыкташтырууну баса белгиледи.
Мындан тышкары, Кубатбек Боронов Ош жана Жалал-Абад облусунун бир катар айыл округдарындагы кооптуу аймактарда жашап жаткан жарандарды көчүрүү максатында жер тилкелерин трансформациялоо керектигин айтты.
Жерлерди трансформациялоо маселесин өз убагында жана мыйзам чегинде гана чечүү керектигин билдирди.