Депутат Абылкайыр Узакбаев жерлерди инвентаризациялоо бюрократиялык жагдайлардан улам бүтпөй жатканын айтты. Бул тууралуу ал кечээ, 26-ноябрда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында билдирди.
Ошондой эле депутат мамлекет башчысынын административдик-аймактык реформа боюнча чыгарган жарлыгын дагы эске салып, жерлер инвентаризацияланып бүтпөсө, аталган жарлык аткарылбай калабы деген маселени кабыргасынан койду.
Ал эми депутат Айтмамат Назаров жерлерди инвентаризациялоодо көйгөй жаралбаган райондорду өз-өзүнчө киргизип беките берүү керектигин өкмөттүн астына койду.
Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев билдиргендей, өкмөттүн 2014-жылдагы токтомунун негизинде өлкө аймагындагы жерлерди инвентаризациялоо иштери жүргүзүлүп келет. "Бул иштин аягына чыкпагандыгына каржылоо маселесинен жерди инвентаризациялоонун максатын түшүнбөгөн жергиликтүү аткаминерлердин каалоосу болбогондугуна чейин бир катар себептер бар. Ошентсе дагы бүгүнкү күндө 26 райондо жерлерди инвентаризациялоо иштери жыйынтыкталып, сугат айдоо аянттары көбөйгөн. Инвентаризациялоонун жыйынтыгы менен өлкө аймагындагы жерлер такталып, жердин менчик түрүнө карабастан республиканын бюджетине түшө турган жер салыгы көбөйүп, жерди туура пайдалануу камсыздалат", - дейт Керималиев.