Чүй облусунун Дөӊ-Арык айылында бет капчан адамдар тарабынан айрынын сабы менен сабалган үй-бүлө мүчөлөрүнүн абалы жакшырып калды. Бул тууралуу 27-ноябрда SUPER.KG порталына Токмок аймактык ооруканасынын директору Бактыгүл Исаева билдирди.
Директордун айтымында, үй-бүлөнүн 12 жаштагы уулу ооруканадан чыгарылды.
"Учурда биздин ооруканада дарыланып жаткан күйөөсү менен аялынын абалы жакшырып калды. Эки күн мурун жандандыруу бөлүмүнөн үй-бүлөнүн атасын сыныктар бөлүмүнө которгонбуз. Азыр бейтап бир аз сүйлөп калды. Бирок окуя боюнча эстегенге же милиция кызматкерлерине көрсөтмө берүүгө болбойт. Анын жанында жубайы бар, анын жаракаты жеңил болгондуктан, жолдошунун жанында болууга уруксат берилген", - деди Исаева.
Эске салсак, Чүй облусунун Дөң-Арык айылында 1 үй-бүлөгө кол салуу болуп, атасы жана апасы, уулу оор жаракаттарды алышкан. Ал эми Токмок аймактык ооруканасынын директорунун билдирүүсүндө жабыркаган жарандар айрынын сабы менен сабалганын айткан. Учурда бул кылмышка шектүүлөр табыла элек.