Парламенттик комитетте ооруканаларды көбөйтүүгө багытталган гранттык келишим талкууланды

Бүгүн, 27-ноябрда Жогорку Кеңеште Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйыны өттү.

Анда Саламаттыкты сактоо министрлиги менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы гранттык макулдашуу каралды.

Каражат ооруканаларды көбөйтүүгө жумшалат. Ошондой эле каражатты үнөмдөө менен бөлүнгөн акчаны башка ооруканалардын оңдоп-түзөө иштерине жумшаларын саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев билдирди.

Жыйындын алкагында аталган комитеттин мүчөлөрү ооруканаларды оңдоп-түзөө менен бирге дартты аныктоочу аппараттарды да сатып алууну сунушташты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан