"Айрым мамлекеттердин жарандары үчүн 60 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режим киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору бүгүн, 27-ноябрда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында каралды.
Аталган мыйзамдын демилгечиси Дастан Бекешев чет мамлекеттерден өлкөгө көптөгөн жарандар келип жатканын айтып, 60 күндүк визасыз режимди киргизүүнү сунуштады.
"Аймактардан бери үйлөрүн туристтерди кабыл алганга ылайыктап, шарттарын түзүп алгандар көп экен. Сырттан келген жарандарга 60 күндүк визасыз режимди киргизип берсек туристтердин саны көбөйүп, өлкө бюджетине каражат түшөт. Алты жыл ичиндеги 60 күндүк визасыз режим жакшы жыйынтык берди. Бирок ошол эле учурда УКМК каршы болгон. Аталган мыйзамдын убактысы 2020-жылдын 31-декабрында бүтөт. Менин сунушум визасыз режим мөөнөтсүз болсун" - деди депутат.
Бекешев азыркы учурда Кыргыз өлкөсү 45 мамлекетке бир тараптуу визасыз режимди киргизген. Ал эми Грузия 90 мамлекетке визасыз режим киргизип, өнүгүү жолунда экенин кошумчалады.
Мындан тышкары Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев бул демилгени колдоп берүү керектигин билдирди.
Жыйынтыгында 2030-жылга чейин айрым мамлекеттин жарандарына 60 күнгө чейин визасыз режимди киргизүүнү парламенттик комитет колдоду.