Туризм департаментинин директору Максат Дамир уулуна Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев туризм тармагындагы өлкө үчүн натыйжалуу реформаларды жасоо керектигин бүгүн, 27-ноябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында сунуштады.
Анын билдиришинче, өкмөт туризм тармагына 27 миллион сом бөлөт. Депутат бул тармак 300 миллион доллар алып келе турганын баса белгиледи.
"Кийинки жылдын башында парламент жыйында Грузиянын туризминдей жигердүү жакшыртуу боюнча биздин туризмди талкуулабайлыбы? Жаңы байланыштарды таппайлыбы? Тилекке каршы, Кыргыз мамлекетине келген туристтердин 80 пайызы Орусиядагы биздин мекендештерибиз, алар ошол жактын жарандыгын алгандар экен", - деди депутат.
Эл өкүлү туризмди өнүктүрүү боюнча жаңы концепцияны кабыл алып, өлкөнүн бюджетине негизги каражат алып келе турган тармакка айландыруу керектигин айтты.