"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Куршаб аймактык ооруканасынын кеңеш берүү бөлүмүндө баш аламандыкка жол бергендер кызматынан четтетилди

Буга чейин окурман "ЭЛДИК КАБАР" рубрикасына "Өзгөн районуна караштуу Куршаб аймактык ооруканасынын кеңеш берүү бөлүмүндө өз ишин билбеген адистер иштейт" деген билдирүүсүн жөнөткөн.

Аталган кабарга карата жоопту Өзгөн районуна караштуу Куршаб айылындагы жалпы дарыгерлик практика борборунун жетекчиси Нурзия Бекиева берди.

"Сиздердин порталда жарыяланган "ЭЛДИК КАБАРДЫ" окуп, жазылган көйгөйдү жалпы жамаат менен талкууладык. Жалпы жыйындын негизинде поликлиниканын башчысы Г.Ө. жумушту жакшы уюштура албагандыгы жана эмгек тартибин көзөмөлдөбөгөндүгү үчүн ээлеген кызматынан четтетилди. Ошондой эле каттоо бөлүмүндө иштеген М.М. жумуш ордун кароосуз калтыргандыгы үчүн жумушунан бошотулду", - деп билдирди Бекиева.

Ал эми эмгек тартибин көзөмөлдөө жана күчөтүү тапшырмасы борбордун орун басары Турганбай Кадыровго дайындалганын Бекиева кошумчалады.

Эске салсак, окурман "ЭЛДИК КАБАРГА" билдирүү жазып, анда "Бейтаптардын оору тарыхы жазылган карталарын жана клиникалык маалымат формаларын (КИФ) берген кабинетте иштеген адистер өз ишин билбейби? Картага келгендер кезек күтүп турушат. Таап берүүсүн өтүнгөндөргө жакшыраак да жооп беришпейт. Кагып-силкип, урушуп мамиле кылышат. Кээ бир адамдар өздөрү таап чыгууга кирип, төрүнө чейин аралап кетишет. Эмне үчүн андай документтер сакталган жайга жөнөкөй жарандарды киргизип аралатып жиберишет?" - деген болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан