ЭЛДИК КАБАР: "Өзгөн районундагы Куршаб аймактык ооруканасынын кеңеш берүү бөлүмүндөгү адистер өз ишин билбегендиктен эл өзү кирип карталарын таап чыгат" дейт окурман

"Өзгөн районуна караштуу Куршаб аймактык ооруканасынын кеңеш берүү бөлүмүндө өз ишин билбеген адистер иштейт" деди окурман. Ал мындай маалыматты "ЭЛДИК КАБАРГА" жөнөттү.

"Бейтаптардын оору тарыхы жазылган карталарын жана клиникалык маалымат формаларын (КИФ) берген кабинетте иштеген адистер өз ишин билбейби? Картага келгендер кезек күтүп турушат. Таап берүүсүн өтүнгөндөргө жакшыраак да жооп беришпейт. Кагып-силкип, урушуп мамиле кылышат. Кээ бир адамдар өздөрү таап чыкканы кирип, төрүнө чейин аралап кетишет. Эмне үчүн андай документтер сакталган жайга жөнөкөй жарандарды киргизип аралатып жиберишет? Менин жеке пикиримде аталган ооруканада иштегендер Эмгек кодексинде келтирилген милдеттерин так аткарбай жатышат. Мамлекет аларга эмгек акыны төлөп берип жатпайбы?! Салык төлөөчүлөрдүн арты менен айлык алышат дагы, аларга кайра жаман мамиле кылышат. Калкты маданияттуураак тейлегенди качан үйрөнүшөт билбейм. Жадакалса тыңыраак да форма кийип же кебетелерин оңдоп алышпайт. Үстү-башын иретке келтирип алып тейлешсе, тургундарга да жагымдуу болмок", - дейт окурман.

Бул кабарга байланыштуу жоопту шилтеме аркылуу өтүп окусаңыз болот.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Respect.
2018-11-19 15:44:35
Регистратурага бөтөн адам кирүүгө мүмкүн эмес го...
+1
medet1983
2018-11-19 16:28:42
Эсен эле болушсун да соз жок
+1
Tyty1990
2018-11-19 16:57:44
Мен куршабтыкмын илгертен эле ушундай. Бир жаш келин олтурат убагында келбейт
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан