Малайзиянын падышасы Мухаммад V Келантан султаны "Мисс Москва-2015" сынагынын жеңүүчүсүнө баш кошту. Мындай маалыматты Islam News басылмасы жазды.
Анда белгилүү болгондой, жубайлардын үйлөнүү тою 22-ноябрда Москва облусунун аймагындагы Барвиха кыштагынын Barvikha Concert Hall концерттик залында болду. Дасторконго коюлган тамак-аштын баары адал жана той спирт ичимдиктерисиз өткөн.
"Үлпөт тойго келинчек үлпөт көйнөгү менен чыкса, падыша Малайзиянын улуттук кийими менен келген", - деп жазылат маалыматта.
Падыша Мухаммад V 49 жашта. Ал эми "Мисс Москва-2015" титулунун ээси Оксана Воеводина 25 жашта. Ал падышага баш кошконго чейин Ислам динин кабыл алып, атын Рихана деп өзгөртүп, хиджаб кие баштаган.
Мухаммад - 2010-жылдын сентябрь айынан тарта Малайзиянын Келантан султандыгынын султаны. 2011-жылдын ноябрь айынан баштап Малайзия падышасынын 1-орун басары болуп 5 жылга шайланган. 2016-жылдын октябрь айында Малайзия падышалыгына 5 жылга тандалган.
Келантандын султаны буга чейин Паттани падышачылыгынын үй-бүлөсүнөн чыккан кызга үйлөнүп, 4 жыл жашагандан кийин ажырашып кетишкен. Андан балалуу болгон эмес.
Оксана Воеводина (Рихана) Москванын сулуусу наамын 22 жашында жеңип алган. Аталган сынак 1994-жылдан баштап өткөрүлүп келет. Ага 14 жаштан 26 жашка чейинки кыздар катышат.