Тышкы иштер министри "Кытайда этникалык кыргыздар кыйноого кабылды" деген маалымат териштирилип жатканын айтты

Тышкы иштер министри "Кытайда этникалык кыргыздар кыйноого кабылды" деген маалымат териштирилип жатканын айтты. Министр Чыңгыз Айдарбеков аталган маалыматты журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Айдарбеков аталган маселеге аяр мамиле жасоо керектигин кошумчалады.

"Бул ички саясат. Маалыматтар азырынча тактала элек. Териштирүү иштери жүрүп жатат", - деди министр.

Аталган маселе бүгүн, 27-ноябрда парламенттин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинде жабык каралды.

26-ноябрда Кытайдан Кыргыз мамлекетине келген кайрылмандар жана кытайлык кыргыздардын жакындары президент Сооронбай Жээнбековго жардам сурап кайрылышкан. Ага чейин Кытайда жашаган этникалык кыргыздар "кайра тарбиялоочу лагерлерге" жиберилип жатканы тууралуу маалыматтар тараган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
BekAmir
2018-11-27 14:23:37
Бизде болсо кытайлар Оз билгенин жасап кыздарыбызды четинен алып Оз саясатын кенен жургузуп жатат
+3
Amai
2018-11-27 14:27:03
Кыргыз жеринде озбек тажик казак орус турк япон индия пакистер кобойсо мейли кытайлар кобойбосун.
0
CEO1
2018-11-27 14:30:25
Amai, эч бири кобойбосун
0
CEO1
2018-11-27 14:27:50
Сокенин министр болумушу, "шшшшшшшш, акырын суйлогуло, кытайлар угуп калат" деп кайра депутаттарды коркутуп отурабы?!!

Баракелде... Соке Атамбаевден кем калышпай, каяктагы коррупционерлерди бийликке жыйнап алды. Сокенин кадр саясатын коруп журок айланат. Жийиркеничтуу.....
+6
baltabaev
2018-11-27 15:24:56
Баягы эле териштирип жатабыз дегенинерден калбапсынар,баракелди
+2
Erik2018
2018-11-27 17:03:55
Президент аз күндө этникалык кыргыздарга жардам берет деген ойдомун. Аны саясатташтырууга негиз жок.
-1
CEO1
2018-11-27 17:21:36
Erik2018, канча айдан бери конгуроо кагылып айтылып келет, эми кабар алат имиш... Соке кантип кобурок элди тоноп байлык курасам деп ойлонуп жаткан болсо тан калбаймын
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан