Орусиянын Санкт-Петербург шаарында жашап, иштеп жүрүп дайынсыз болгон Гүлмира Сыдыкова табылды. Бул тууралуу дайынсыз болуп жаткан аялдын сиңдиси Элвира Сыдыкова тастыктады.
"Эжем эки күн мурун байланышка өзү чыкты. Дайынсыз болуп жатканын ооруганына байланыштырды. Учурда эжем Санкт-Петербург шаарында эле экен, баары жакшы", - деди Элвира Сыдыкова.
Эске салсак, Орусиянын Санкт-Петербург шаарында жашап, иштеп жүргөн Гүлмира Сыдыкова 2016-жылдын декабрь айынан бери изделип жатканыны маалымдалган.