"Жылына өлкөдө 15 миң аял бир жылда эки жолудан төрөйт. Негизи төрөттүн аралыгы жок дегенде 2,5 жыл болушу керек". Мындай маалыматты бүгүн, 27-ноябрда SUPER.KG порталына “Үй-бүлөнү пландаштыруу боюнча кыргыз альянсы” коомдук бирикмесинин директору Бактыгүл Бозгорпоева билдирди.
"Аял киши эне болууда ал жоопкерчиликтүү милдет экенин түшүнүүсү абзел. Себеби кош бойлуу учурда аялдын ички органдары эки эсе иштейт. Анын үстүнө изилдөөлөрдүн жыйынтыгына таянсак, жалпы сандан өлкөдөгү аялдардын 50 пайызы аз кандуулук менен жабыркайт.
Мисалы, биринчи баласын январда төрөсө, экинчиси февралда боюна бүтөт. Ошентип жыл айланбай, кайра декабрь айында экинчи жолу эне болуп жатат. Мындай энелердин басымдуу бөлүгүнүн ден соолугу кийинчерээк начарлап кетет. Төрөт бул оңой нерсе эмес. Өз калыбына келүү үчүн убакыт, каражат керектелет жана көптөгөн дарыгерлердин эшигинин алдында кезек күтүүгө аргасыз болушат", - дейт Бозгорпоева.
Коомдук бирикменин жетекчисинин айтымында, өлкөдөгү көпчүлүк үй-бүлөдө аны пландаштыруу деген түшүнүк жок. Үй-бүлөнү пландаштыруу десе эле карапайым калк бул нерсени калктын санын азайтууну көздөө деген ойго келет.
"Канча баланы төрөсөң ошончону төрө, бирок ар бир баланын ортосу 2,5 жыл болуп, ар бир кош бойлуулук аялдын да күйөөсүнүн да каалоосу менен болуусу керек. Ошондо гана дени сак балдар төрөлөт. Андан сырткары эң негизгиси материалдык даярдык болуп, бала жакшы чөйрөдө өсөт", - дейт Бозгорпоева.