Ош мэриясы Жаңы жыл майрамына карата балаты орнотуп, борбордук аянтты жасалгалоого 1 миллион 525 миң 700 сом сарптайт. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталында жазылган.
Маалыматка караганда, майрамдык салтанатка даярдык көрүү үчүн шаар башкармалыгы тендер жарыялаган. Тендердин талаптарына ылайык, быйыл Ош шаарынын борбордук аянтында бийиктиги 27 метр, диаметри 12 метр болгон балаты орнотулат.
Тендерге катышуу үчүн подрядчик мурун жогорудагыдай иштерди аткарып жүрүүсү керек экендиги белгиленген.
Айта кетсек, 2017-жылы Ош шаарынын борбордук аянтында бийиктиги 30 метрге жеткен өлкөдөгү эң бийик балаты орнотулуп, жасалгалоого 1 миллион сом бөлүнгөн.