Жылына өлкөдө 20 миңден ашуун кыз-келин боюнан алдырат. Бул расмий түрдө боюнан алдыргандардын гана саны экенин SUPER.KG порталына “Үй-бүлөнү пландаштыруу боюнча кыргыз альянсы” коомдук бирикмесинин директору Бактыгүл Бозгорпоева билдирди.
Бирикменин башчысынын айтымында, жылына өлкөдө 100гө жакын бала төрөт үйлөрүнө калтырылат. Бул балдардын көпчүлүгү зордук-зомбулуктун артынан жарык дүйнөгө келген ымыркайлар.
"Бул биздин кичинекей өлкө үчүн өтө чөң көрсөткүч. Мындай көрүнүшкө аял кишинин сактанууну билбегендиги себеп болот. Бүгүнкү күндө жашыруун түрдө боюнан алдыргандардын саны боюнча так маалымат жок. Себеби учурда бойдон алдырууну каалагандардын көбү менчик клиникаларга кайрылууну туура көрүшөт. Ошондой эле өз алдынча дары-дармек менен боюнан түшүргөндөр да бар. Мындай кадамга баруунун негизги себеби катары кокустуктан боюна бүтүп калуу эсептелинет.
Экинчиден, аялдар такыр эле сактанбайт же көп ишенимдүү эмес ыкмалар менен сактанат, бойго бүтүрбөөчү каражаттарды колдонушпайт.
Үчүнчүдөн, турмушка чыгып ажырашып кетип, кош бойлуу болуп калса "эл эмне дейт?" деген элдин куру сөзүнөн коркуп, боюнан алдырып салган учурлар да көп катталат. Мындай нерселерди алдын алуу үчүн айымдардын бул жааттагы билим деңгээлин жогорулатуу керек. Ар бир аял "менин ден соолугум мага керек" деген ойду карманып, эгер боюна бүтүшүн каалабаса, ар кандай бойго бүтүрбөөчү каражаттарды колдонсо болот", - дейт Бозгорпоева.