"Ош шаарындагы сквер, парктардын дээрлик көпчүлүк бөлүгү толук реконструкцияланып элдин эс алуусуна пайдаланууга берилген. Шаардагы жашоочулардын кубанычы менен ыраазычылыгы бизге ырахат тартуулайт", - деп жазылат Ош шаардык жашылдандыруу ишканасынын билдирүүсүндө.
Билдирүүгө ылайык, ишкананын жамааты, тургундардын кубанычтуу жүзү аларды андан ары иштөөгө шык берип турат.
"Тилекке каршы, жаштарыбыздын эс алуу маданияты дагы да болсо толук калыптана элек. Муну сквер, парктардагы талкаланган урна, сынган отургучтар менен отургучтарга жазылган жазуулардан көрсөк болот. Андыктан коомдук көзөмөлдү күчөтүү менен ар бирибиз шаардагы мүлктөргө аяр мамиле кылсак туура болмок. Жаштарды эс алуудагы маданиятты сактоого чакырабыз", - деген Жашылдандыруу ишканасы.