Бүгүн, 28-ноябрда Жогорку Кеңеште “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашыруунун жүрүшү боюнча маселе каралат. Бул тууралуу парламенттин сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, жыйындын күн тартиби боюнча 10 маселе талкууланат. “Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жөнүндө” мыйзам долбоору, “Айрым мамлекеттердин жарандары үчүн 60 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режим киргизүү жөнүндө” мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору, "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору жана башка маселелер каралат.