Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды караган адамдарга мамлекет ай сайын 4 миң 900 сом төлөйт

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балага дайыма кам көргөн ата-энелерге акы төлөө шарттары жөнүндө токтомго премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 27-ноябрда кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Дайыма көзөмөлгө муктаж болгон ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдары бар ата-энелерди колдоо максатында социалдык кызматтын "жеке ассистент" деген жаңы түрү киргизилет.

Ата-энесине, мыйзамдуу өкүлдөрүнө жана жакын туугандарына ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балага кам көрүүнү улантууга, мамлекет тарабынан каржылык колдоо алууга, ошону менен бирге келечекте пенсия алуу мүмкүнчүлүгүн жоготпоого шарт түзөт.

Жеке ассистентке ай сайын каржылык жардам катары 4 миң 900 сом төлөнөт. Жеке ассистент баланы багуу боюнча социалдык-тиричилик кызматтарды көрсөтүүдөн тышкары реаблитациялоонун жеке программасын ишке ашырууда балага көмөк көрсөтөт. Бул ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген баланын жашоо шартына жана өөрчүшүнө оң таасирин тийгизет.

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча, азыркы учурда өлкөдө 29,9 миң ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген бала жашайт. Анын ичинен 6 миң бала ар дайым көзөмөлгө муктаж.

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды жана алардын ата-энелерин колдоо боюнча жаңы систем ишке ашыруу үчүн алдын ала эсептөөлөргө ылайык, республикалык бюджеттен жыл сайын болжол менен 420 миллион сом талап кылынат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан