Бүгүн, 28-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында "Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жөнүндө" мыйзам долбоору күн тартибинен алынды.
Депутаттардын басымдуу бөлүгү аталган мыйзам долбоору чала иштелип калган деген жыйынтыкка келишти.
Ал эми КСДП фракциясынан депутат Ирина Карамушкина өкмөт мүчөлөрүнө карата мамилени өзгөртүү керектигин айтты. "Өкмөттөн келген мүчөлөрдү коркутуп, жыйында сүйлөтпөй салып жатасыңар. Ар ким өз оюн айтсын, дароо эле күн тартибинен алып салбай", - деди ал.
Андан тышкары депутат Төрөбай Зулпукаров кийинки жыйынга аталган мыйзам долбоорун дагы бир ирет комитеттик жыйында талкуулап, кайрадан жалпы жыйынга алып келүүсүн айтты.