Коомчулукта 15-ноябрдан тарта уюлдук телефон, планшеттерге бажы тарифи кымбаттайт деген маалыматтар айтылган.
Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары Алтынбек Торутаев SUPER.KG порталына уюлдук телефондорго жана планшеттерге карата ташып кирүү бажы алымдарынын чендерин өзгөртүү боюнча чечимдер кабыл алынбаганын билдирди.
Буга чейин октябрь айында Жогорку Кеңештин жыйынында КСДП фракциясынан депутат Эльвира Сурабалдиева өлкөгө келип жаткан телефондор менен Казакстанга келген телефондордун баасынын айырмачылыгын айткан. "2017-жылы Кыргыз мамлекетине 1 миллион 923 258 уюлдук телефон кириптир, ар бир телефондун орточо баасы 33 долларды түзүп жатат. Ошол эле мезгилде Казакстанга 3 миллион 414 миң даана телефон кирип, ар бир телефондун орточо баасы 25 доллардан айланыптыр", - деген пикирин билдирген. Ал эми Бажы кызматынын башчысы Алмаз Оңолбеков эки өлкөнүн товар жеткирүүлөрүн салыштырууга болбой турганын айткан.