Улуттук банк: "Ноябрда сомдун курсун турукташтыруу үчүн 50 миллион доллар сатыкка чыгарылды"

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы ушул айдын эсебинен үчүнчү жолу долларды сатуу боюнча интервенция жүргүздү. Бул тууралуу маалымат аталган мекеменин сайтында жарыяланды.

Маалыматка ылайык, валюта рыногундагы абалды турукташтыруу үчүн Улуттук банк кечээ, 27-ноябрда 24 миллион 100 миң доллар сатты. Өлкөнүн башкы банкы интервенцияны түрдүү себептен улам жасайт, анын ичинде валюта курсун турукташтыруу да бар. Кыргыз өлкөсүндө акчанын курсу эркин, ал суроо жана сунуштун негизинде калыптанат.

Аталган интервенция 2015-жылдан берки эң ири интервенция болуп саналат. Жалпы ноябрь ичи Улуттук банк 47 миллион 850 миң доллар сатканы белгилүү болду.

Азыркы тапта акча алмаштыруу жайлары жана коммерциялык банктар долларды 69 сом 75 тыйындан сатып алып, 69 сом 90 же 95 тыйындан сатууда. Ал эми доллардын Улуттук банктагы курсу 69 сом 85 тыйын.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан