Гүласал Асылбаева: "Мамлекеттик мүлктү каалагандай сатып баарын жок кылганы жатасыңар"

Бүгүн, 28-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат Гүлшат Асылбаева "Мамлекеттик мүлктү каалагандай сатып, баарын жок кылганы жатасыңар" деген пикирин билдирди.

Ал Экономика министрлигине аталган мыйзам долбоору жарабай турганы мурда эле эскертилгенин айтты.

"Бул мыйзамды жарым жылдан кийин кайрадан алып келип жатасыңар. Эмнеге бул мыйзамды киргизип жатканыңарды өзүңөр билбейсиңер. Кандай пайда алып келет?" - дейт депутат.

Экономика министринин орун басары Эльдар Абакиров "Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жөнүндө" мыйзам долбоорунун концепциясын колдоп берүүнү суранды.

Депутаттардын басымдуу бөлүгү аталган мыйзам долбоору чала иштелип калган деген жыйынтыкка келишип, кайрадан иштеп чыгуу керектигин айтышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
AIA-TOO
2018-11-28 16:36:24
Костюм-шым, голустукчан современный уурулар). Баарыңды чогултсада бир аш бычака нормальный жыгач сап болуп бере албайсыңар.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан