Туристтердин коопсуздугун коргоого 62 милиция кызматка алынат. Чет тилдерин билгендерге артыкчылыктар берилет

Бүгүн, 28-ноябрдагы парламент жыйынында "Туристтик милицияга кызматка алуу боюнча жакын арада сынак жарыяланат" деди Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов.

Бул кызматка азырынча Бишкек шаары боюнча 62 орун берилгенин Асанов билдирди.

"Кыргыз өлкөсүндө туристтик милиция түзүлөрү август айында белгилүү болгон. Туристтик милициянын кызматкерлери өлкөнүн туристтик аймактарындагы коомдук тартипти көзөмөлгө алат. Кызматкерлерди тандоодо чет тилдерди билгендерге артыкчылык берилет", - деп белгиледи.

Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, борбордук аппаратта штаттарды кыскартуунун эсебинен бошогон орундарга жаңы кызматкерлерди алуу пландалууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
AIA-TOO
2018-11-28 16:32:27
Жогорку билимдүүлөр канча жашка чейин алынат ИИМ ге?.
0
Tentek1
2018-11-28 16:41:55
Канча жаштан баштап
0
uli1234
2018-11-28 16:43:41
30 жашка чейин 31ден кийин албайт
0
Umakg
2018-11-28 16:51:17
Туристер эми ысык кол,борбордо жакшы болотго башка обл кереги деле жоктур
0
Aikaaaa
2018-11-28 17:37:16
Азыр Кыргызстандын болгон жеринен жолуктурууга болуп калды туристтерди. Кыргызстандын жаратылышы керемет да
0
ady-88
2018-11-28 19:23:07
Эми бул иимдин желдеттери туристерди коргомуш болуп озубуздун жарандарды жарга такабаса болду
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан