СУПЕРСТАН: "Шпагатка отура алгандардын төрөтү оңой болот"
SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Толгоону тездетип жана төрөт жеӊил өтүшү үчүн эмне кылыш керек?" деген тема талкууга алынган.
Автор: "Билген кеңешиңер менен бөлүшкүлөчү,
төрөт жеӊил болуш үчүн жана толгоону тездетүү үчүн эмне кылыш керек?" деген суроосун калтырган.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
"Оңой төрөөнүн жолу, кызым, көп басыш керек. Канчалык көп бассаң, ошончолук оңой жана тез төрөйсүң. Ич чоңойгон сайын басуу кыйын, бирок кыйынчылыкка чыдап көп бассаң, оңой төрөп аласың".
"Куран - өлүмдөн башка бардык нерселерге шыпаа. "Юсуф" сүрөөсү - балаңыз сулуу болуусу жана "Мариям" сүрөөсү - төрөттүн жеңил болуусу үчүн окулат. Ушуларга кошумча "Ясин", "Абаса" сүрөөлөрүн 40 жолудан окуп койсоңуз, буюрса, абдан жакшы таасир берет. Жеңил төрөп алыңыз!"
"Толгоо башталганда ачуу бадамдан чай демдеп ичиш керек" деп уккам, өзүм да ичкенмин".
"Мен Москвада төрөдүм, көп баскан жокмун, оңой эле төрөп алдым. Кайын сиңдим төрөгүчө тынбай кыймылдап жүрдү, төрөгөндө 2 сутка толгоо тартты".
"Ал үчүн отуруп алып пол жууш керек экен деп уккам".
"Толгоо ар кимде ар түрдүү болот. Жашы улуу болуп калганда турмушка чыгып, кеч төрөсө, анда оор болот. Себеби сөөктөр катып калат, ошол үчүн дайыма кыймылда болуп туруш керек. Шпагатка отура алгандардын төрөтү оңой болот. Андыктан активдүү жашоо образында жашагыла".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка баш багыңыз.