"Коопсуз шаар" долбоору боюнча өкмөттүн маалыматын угуу дагы жылды

"Коопсуз шаар" долбоору боюнча өкмөттүн маалыматын угуу жылдырылды. Жогорку Кеңештин депутаттары жумуш күнү аягына чыкканына байланыштуу аталган маселени кароону эртең, 29-ноябрдагы жыйынында уланта турган болушту.

Алгач биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов баш болгон өкмөт мүчөлөрү аталган маселе боюнча парламент жыйынына келишип, 4 депутат суроо бергенден кийин маселени кароо токтотулду.

Депутат Акылбек Жапаров "жумуш күнү аяктап, жыйында аз эле эл өкүлү калды" деп маселени кароону жылдырууну сунуштады. Жыйынтыгында сунуш колдоо тапты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан