"Цирк 1 ат менен 2 итти бага албай калды, имаратын кафе-дүкөн ээлеп алган". Цирктеги тирештин чоо-жайы
Жарым кылымдан ашык тарыхы бар кыргыз циркиндеги жетекчилик менен кызматкерлердин пикир келишпестиги акыры жүрүп 26-ноябрь күнү Жогорку Кеңештин комитетинде көтөрүлдү. Депутат Аида Касымалиева жазылган кайрылуулардын негизинде маселени ортого салып комитет мүчөлөрү талкууга алышты. Касымалиева түшкөн арыздарда циркти ижарага берүүдөгү жана билеттерди сатуудагы коррупция жана башка мыйзам бузуулар жазылганын айтты.
SUPER.KG порталы андагы коррупция, мыйзам бузуулар менен пикир келишпестиктердин айланасындагы бир топ суроолорго жооп алууга аракет кылды.
Натыйжасыз текшерүүлөр
Цирктеги мыйзам бузууларга байланыштуу арыздардын негизинде мамлекеттик органдар тарабынан 2017-жылы эле 60 текшерүү жүргүзүлүп, бирок эч кандай одоно мыйзам бузуулар табылбаганы айтылып келет. Бирок цирктеги чыгармачылык жамааттын башчысы Мурат Акматовдун айтымында, Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин 2015-жылдын апрель жана май айындагы 147, 191-номурдагы буйругу менен 8 адамдан турган комиссия түзүлүп, каржылык мыйзам бузуулар аныкталган.
Комиссия цирктин 2014-жылдагы бухгалтериялык жана башка тийиштүү документтерин гана карап чыккан. Комиссиянын корутундусундагы маалыматтарга караганда, цирктин жетекчиси Курмангазы Исанаев Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен кеңешпей туруп 2012-2014-жылдары “Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурастарды пайдалануу жана коргоо боюнча” мыйзамын бузуп, 7 субъекти менен келишим түзүп цирктин карамагындагы жерлерди кафе жана дүкөн катары пайдаланууга ижарага берип жиберген. Андагы кафе жана дүкөн ээлери тарабынан 2014-жылы цирктин эсебине 1 миллион 160 миң 85 сом ижара акысы түшкөн. Бирок ал каражаттар циркти оңдоо жана калыбына келтирүү иштерине жумшалган эмес. Иш жүзүндө ижарага берилген жердин аянты 29 миң 100 чарчы метрди түзсө, келишимдерде 4 миң чарчы метр деп көрсөтүлгөн. Учурда андагы кафе жана дүкөндөрдүн саны 9.
Андан сырткары эстеликтерди сактоо багытындагы мамлекеттик органдар менен макулдашпай туруп архитектуралык имараттын сырткы көрүнүшүн бузуп түрдүү афишаларды илген. Ал эми 2014-жылы ижарачылардын арызынын негизинде кассага 354 миң 481 сом түшпөй калган. Комиссиянын корутундусунда, ошондой эле эмгек кодексинде да катачылыктарга жол берилгени көрсөтүлгөн.
Бир ат жана эки итти бага албай калган цирк
Курмангазы Исанаев жетектеген циркте учурда болгону үч ат жана эки ит бар. Анын ичинен цирктин карамагында болгону бир ат. Экөө Алмаз Раимкулов деген адамга тийиштүү болсо, эки ит анда эмгектенген Жыпара Шамырованыкы.
Үч атты багып келаткан Бегалы Мурзалиевдин айтымында, цирктин жетекчилиги өз балансындагы бир атка да жем-чөп алып бербейт.
“Менин циркке пайдаланган алты атым бар. Аны бага албай Ат-Башыга жибердим. Цирктин карамагында бир ат бар. Аны да бага албай жатпайбы. Анын жеген жем-чөбүн өз айлыгымдан алып берип келем. Ал дагы быйылкы Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна тандап алып кетип жатышса “булар жасай албайт, мен ага жооп бере албайм” деп койду.
Жооп бере албаса, бага албаса эмнеге отурат? Келгенине 14 жыл болду. Эч кандай алгылыктуу иш жасай алган жок. Тескерисинче, имараттын ар кайсы жагынан эшик ачып кафе кылып салды. Жадакалса жалгыз спорт залыбызды ишкерлерге кафе кылып берип койгон. Бул имарат тарыхый-маданий жай. Жанындагы жатаканага ар кимди киргизип койгон. Ага деген циркте иштеген кызматкерлер жашашы керек. Ошондуктан анын ордуна жаштарды коюшубуз зарыл. Азыр жаштардын бетине карай албай калдык. Алар да Аида Акматова деген кызыбыздын талапкерлигин сунуштап, бизди уккула деп талап коюп жатышат. Ал кызыбыз дагы 7 жашынан бери ата-энесине кошулуп циркте иштейт. Европанын рекорддор китебине кирген. Көчмөндөр оюнунда ат үстүндө жаа атып 2-орунду алган жана дүйнөлүк фестивалдарга катышып байгелүү орундарга ээ болуп жүрөт”, - деди Мурзалиев.
Аталган жайда 40 жылдан бери эмгектенип жаш кыздарды жаа атууга, аба гимнастикасына үйрөтүп келаткан Жыпара Шамырова да цирк кейиштүү абалга жеткенин белгиледи.
"Шартты өзүңөр деле көрдүңөр, өтө начар. Ичинде кийим алмаштыруучу бөлмөлөрү сырттан келген артисттер үчүн жатакана кылып берип салган. Өзүм 10го жакын кызды тарбиялайм. Алардын кийим алмаштырган бөлмөлөрүнө, көрүүчү залына да жылуулук берилбейт, аябай муздак. Кышында ооруп келе албай калышат. Ал эми алардын фестивалга кийип барчу кийимдерине цирктин материалдарын алууга гана акча бөлүнүп берилбесе, өз колубуз менен тигебиз. Быйыл гана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында уюштуруу тобу тарабынан эки кийим тигип берилди. Андан сырткары иттерди цирк коюуга тарбиялайм. Буга чейин өз акчама алган 6-7 итим бар болчу. Жетекчилик аларды циркке болбойт деп жүрүп азыр экөө гана калды. Калганы өлүп калган”, - деди Шамырова.
"Кайрылбаган жерибиз калган жок"
Шамырованын жолдошу Мурат Акматов да аталган жайда 38 жылдан бери иштеп келет. Ал эмгек жамаат менен жетекчиликтин тиреши 6-7 жылдан бери бүтпөй келгенине нааразы.
“Мыйзам боюнча 63 жаштан кийин кызматка дайындалбашы керек. Исанаев быйыл 69 жашка чыкканына карабай ордун бошоткусу келбей жатат. Анын мыйзамсыз иштери боюнча кайрылбаган жерибиз калган жок. Келип текшерип чыгып мыйзам бузууларды аныктап кетишет. Бирок жыйынтык чыгарышпайт. Ошол Жогорку Кеңештин депутаттарына да кайрылып келгенбиз. Ушул ирет Аида Касымалиевага кайрылганбыз. Ал Жогорку Кеңештин комитетине алып чыгып маселени козгоду. Исанаев 2009-жылдан бери оңдоп-түзөө иштерине деп 4 миллион сомдой акча бөлүнгөнүн айткан. Касымалиева жалпы 56 миллион бөлүнгөнүн көрсөттү. Ал "акчалар кайда кетти? Эмнеге чара көрүлбөйт?" деген суроо салды. Бирок жооп бере алышкан жок. Чыныгы коррупция ушул жерде экен деп чечим чыгара турган болуп жатышат.
Айлык акы деп жылына бюджеттен 17 миллион сом которулса, 12 миллион сомдой акча айлыкка бөлүнөт экен. Калган акча кайда кетти? Ижарадан түшүп жаткан акчалар кайда кетти? Же айлыгыбыз көтөрүлбөйт. Ушундай суроолорго жооп ала албай жүрөбүз. Эки жылдан бери жамаат менен чогулуп сүйлөшө элек”, - деди Акматов.
"Цирк деле менин менчигим эмес, кетем"
Жогорудагы айтылган пикирлерден кийин Курмангазы Исанаев менен жолугушуп өз пикирин уктук.
Исанаев циркти жетектөөгө 2004-жылдын 6-октябрында ошол учурдагы өкмөт башчы Николай Танаевдин буйругу менен дайындалган. Өзүнүн айтымында, ошол учурда цирктин имараты “Спутник” деген жеке ишкананын менчигинде болуп, талкаланган абалда турган. Ал ишкана менен эки жыл соттошуп имаратты мамлекеттин менчигине кайтарып алуу сыяктуу жакшы иш жасаганын, эмгек жамааттын айтып жаткан даттануулары чындыкка дал келбей турганын белгиледи.
“7-8 жылдан бери арызданганын токтотушкан жок. Жогорку Кеңештин депутаттарына жазган кайрылуусунда да баарын жазышкан чыгар. Бирок көрө алган жокмун. Себеби 23-ноябрь күнү телефон чалып эле 26-ноябрда комитетте цирктин маселеси каралат деп чакырып калышты. Алдын ала айтып, өздөрү келип текшерип талкууга алса мен дагы өз жообумду бермекмин. Нааразы болуп жаткандардын башында Манат Эшимбеков, Темиркул Мамбетов, Мурат Акматов дегендер турат. Мамбетов 2014-жылы менин чарбалык иштер боюнча орун басарым болуп дайындалган. 2017-жылы келишимдин мөөнөтү бүтүп жана ушул аралыкта 100 күндөн ашык убакыт жумушка келбей коюп жумуштан бошотулган. Ошого нааразы болуп Эшимбеков менен Акматовго кошулуп көрүнгөн жакка арызданып жүрөт. Ал эми Эшимбеков “Кыргызстандын жигиттери” деген топту жетектеп 7 жыл мурун чет өлкөдө цирк өнөрүн көрсөтүп жүргөн. Бирок түшкөн акчага өзү эс алып жүрүп, ал балдарды Германияга келгенде таратып жиберип өзү бул жакка баса берген. Кийин одоно катачылыктары үчүн жумуштан алынып ошондон бери мага ачууланып, арызданып жүрөт.
Комитет жыйынында бул экөө эмгек жамаатка кирбейт деп айттым. Булар мени кетирип бири бир жерге, экинчиси экинчи жерге келүүнү каалап жатат. Цирк деле менин менчигим эмес, кетем. Бирок мен келген учурда цирк менчикте болуп талкаланып калган болчу. Жылына болгону 90 миң сом төлөшчү экен. Артисттерди тарап, бул жерде эч ким жок болчу. Имаратты мамлекетке өткөргөндөн кийин баарын чогултуп циркти өз ордуна келтирдим. Жатаканасына ар ким толуп алган эле. 12 жыл соттошуп, кууп чыгып биздин кызматкерлерди киргиздим. Бул жаманбы. Тегерек четтеги кафелерден түшкөн пайда мамлекеттин бюджетине кетет. Ушул жылдын 9 айында эле ижарадан 2 миллион 700 миң сом түшүп бюджетке түштү. Мурун ижаранын 70 пайызы бизге калып ремонт иштерине жумшап келсек, эки жылдан бери бир тыйынын калтырбай өкмөт өзүнө алып жатат. Ремонт иштерине да акча беришпейт. Айлык акыга деп жылына 186 адамга 12 миллион сом бөлүнөт. 186 адамдын оркестрди кошкондо 52 адам артист калганы техникалык жана администрация кызматкерлери. Жанагы нааразы болуп жаткандар 20га жетпеген кызматкер. Алардын айтып жаткандары чындыкка дал келбейт.
Ал эми 14 жыл мурун ошол учурдагы өкмөт башчы Николай Танаевдин буйругу менен келсе, азыркыга чейин ошол буйруктун негизинде отурам”, - деп жооп кылды Курмангазы Исанаев.