Кытай полициясы интернетке алдамчылыкка шектелип изделип жаткан кыздын сүрөтүн илгенден кийин колдонуучулар шектүүнү "эң сулуу кылмышкер" атаган. Мындай маалыматтардан кийин сулуу кылмышкер полиция бөлүмүнө өзү келгенин чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Маалым болгондой, кылмышка шектүү изделип жаткандыгы тууралуу кабарды интернеттен окуп, жазасын алуу үчүн өз эрки менен полиция бөлүмүнө келген. Ошондой эле кылмышкер ушундай жол аркылуу таанымал болгусу келгендигин жергиликтүү басылмалар жазып чыккан.
Ал эми полиция кызматкерлери кылмышкер тууралуу: "Сулуу болуу - кылмыш эмес. Бирок ошол сулуулукту мыйзамсыз иштерде пайдалануу туура эмес", - деген.
19 жаштагы Цинчэнь Цзинцзин кылмыштуу топтун мүчөсү экени маалымдалган. Алар алдоо жолу менен барларда жана эс алуучу жайларга келген адамдардан акча алып жүрүшкөн. Укук коргоо кызматкерлери жабырлануучулардын бири белгисиз адамдар анын бир нече миң юань акчасын алып койгонун кабарлаган соң шектүү катары кызды дагы издеп башташкан. Кылмыштуу топ алдамчылык менен жарым жылдан бери шугулданып келгени аныкталган.