Вице-премьер өлкөдөгү маалыматтык коопсуздукка канааттанбай жатканын айтты

Бүгүн, 30-ноябрда Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын жыйынында маалыматтык коопсуздук боюнча маселе каралууда. Анда депутат Аалы Карашев өкмөт мүчөлөрүнөн өлкөдөгү маалыматтык коопсуздукка кандай баа берерине кызыкты.
Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков маалыматтык коопсуздукка канааттанбай жатканын айтты. "Бул маселе толук кандуу камсыз болбогондуктан коопсуздукту сактоо стратегиясы иштелип жатат", - деди Разаков.
Андан соң депутат бул багытта стратегиялык программа качан иштелип чыга турганын сурады. Разаков учурда макулдашуулар жүрүп жатканын билдирди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан