Бишкекте эс-учун жоготкон абалда жаткан адамдын капчыгынан 400 миң сом табылды

Бишкекте эс-учун жоготкон абалда жаткан адамдын капчыгынан 400 миң сом табылып, аны "Тез жардам" кызматынын дарыгерлер тобу эсептеп жатканы тартылган видео интернетке тарады.

Бишкектеги медициналык "Тез жардам" станциясынын Кайра жандандыруу бөлүмүнүн башчысы Егор Борисов бул боюнча SUPER.KG'ге түшүндүрмө берди. Анын айтымында, 2-3 күн мурун борбордогу көчөлөрдүн биринде белгисиз адам эс-учун жоготкон абалда жатканы боюнча чалуу болуп, ал жерге дарыгерлер тобу барган.

"Видеодогу окуя кайсы жерде болгонун жана ал жердеги адамдар тууралуу маалымат бере албайм. Бирок дарыгерлер эс-учун жоготкон абалда жаткан адамдын жанынан ири көлөмдөгү акчаны табышканы чын. Кийин маселе жаралбашы үчүн милиция жана жакындарынын алдында акчаны санап чыгышкан. Негизинен дарыгерлер ооруп жаткан адамды көчөдөн алып кетсе, анын жанындагы буюмдарын сөзсүз текшерип чыгып акт толтурушат", - деди Борисов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
elmaro
2018-11-30 18:59:56
Биздин тез жардамдын кызматкерлерине АЛКЫШ!!!
+20
TalaCSKA
2018-11-30 21:17:12
Мамлекеттик кызматкерлер тарабынан ушундай кадамдар тез тез болуп турса анда элдин да мамлекеттик кызматкерлерге болгон мамилеси жакшы жагына озгорот эле.
+11
Samar90
2018-11-30 21:54:37
Жакшы адамга туру келипсин жаман адамга туру келсен озунду да урдап кетишет еле рахмат айт
+8
Aikaaaa
2018-11-30 23:07:34
Samar90, туш келипсиң делет го
+8
naida81
2018-12-04 15:27:40
Аллахтын ыраачылыгына ээ болунуздар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан