Ошто 16 жашында көз жарган эненин окуясы боюнча 2 кылмыш иши козголду

Ош шаарында 16 жаштагы кыздын көз жарганы боюнча териштирүү иштери аяктап, 2 кылмыш иши козголду. Бул тууралуу 30-ноябрда SUPER.KG'ге Ош ОИИБинин басма сөз катчысы Жеңиш Ашырбаев билдирди.

Белгилүү болгондой, бул окуя боюнча чогултулган материалдар Ош шаардык прокуратурасына өткөрүлүп берилген.

"Чогултулган материалдар боюнча 23-ноябрда Араван РИИБинин тергөө кызматы тарабынан Кылмыш жана Жаза кодексинин 155-1 (мыйзамдагы нике курагын бузгандыгы байкалган үчүн) жана 132-беренесинде (он алты жашка толо элек адам менен жыныстык катнашта болуу жана сексуалдык мүнөздөгү башка аракеттерди жасоо) көрсөтүлгөн кылмыш белгилери менен кылмыш иштери козголду. Учурда бул окуя боюнча тергөө амалдары жүрүүдө. Ошондой эле иликтөө иштеринин алкагында кыз менен жигит 2017-жылы 21-октябрда диний ырым-жырым менен никеси кыйылып баш кошкондугу аныкталган", - дейт Ашырбаев.

Буга чейин кызды 15 жашында күйөөгө берген ата-энеге жана нике кыйган имамга кылмыш иши козголо турганы айтылган. Белгилүү болгондой, 2002-жылы туулган жаш эне Өзгөн районунун тургуну. Ал Ош шаарындагы төрөтканалардын биринде 28-октябрда көз жарган. Кыз алгач жашын жашырып, кийин төрөт үйүнөн чыгып жатканда жашы жете элек экендиги белгилүү болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан