Жогорку Кеңештин 29-ноябрдагы жыйынында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Бишкектеги абанын булгануусунан автоунааларды электромобилдерге өткөрүү керектигин айтты. Ал аба унаалардын көптүгү жана шаар тургундарынын көмүр жакканынан булганып жатканын билдирди.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Абанын булгануусун азайтуу үчүн электромобилдерге өтүү чарасы канчалык реалдуу?" деген соболуна "Жашылдар" партиясынын лидери Эркин Булекбаев жооп берди.
Анын айтымында, электр кыймылдаткычы менен жүргөн унааларга өтүү үчүн комплекстүү программа керек.
"Биздин партия 2019-жылды "Экология жылы" деп жарыялоону сунуштаганбыз. Ага ылайык, айлана-чөйрөнү жакшыртуу иштери боюнча 5 жылдык программа бар. Бул сунуш менен президентке, Коопсуздук кеңешине, өкмөткө кайрылганбыз. Экологияга арналган акцияларга чыкканбыз. Өкмөт бизди уккан жок.
Быйыл июнь айында президент Сооронбай Жээнбеков Кытайга барганда Си Цзиньпинменен жолугушуусунда Кыргыз жергесинде электромобиль заводун курууну сунуштаган. Кичи автобустардын ордуна электр кыймылдаткычы менен жүргөн коомдук унаалар жана троллейбустар жүрүшү керек. Өкмөт электромобилдерди алып бере албайт, буга күчү жетпейт", - деди Булекбаев.
Жогорку Кеңештин депутаттары Зиядин Жамалдинов, Абдывахап Нурбаев, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары Лев Васильев, Канатбек Мүзүралиев, укук коргоочулар Динара Ошурахунова, Калича Өмүралиева, экологдор Эмил Шүкүров жана Бактыгүл Стакееванын жообу бул шилтемеде.