КҮНСОБОЛ: Өкмөт Бишкектеги абанын булгануусунан электромобилдерге өтүү керек деди. Бул чара абанын булгануусун азайтуу үчүн канчалык реалдуу?

Тектеш кабарлар: КҮНСОБОЛ (404 материал)

Жогорку Кеңештин 29-ноябрдагы жыйынында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Бишкектеги абанын булгануусунан автоунааларды электромобилдерге өткөрүү керектигин айтты. Ал аба унаалардын көптүгү жана шаар тургундарынын көмүр жакканынан булганып жатканын билдирди.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Абанын булгануусун азайтуу үчүн электромобилдерге өтүү чарасы канчалык реалдуу?" деген собол салды.

ЖАМАЛДИНОВ: “Бишкекте автоунаанын көптүгүнөн экология бузулуп жатат”

Жогорку Кеңештин депутаты Зиядин Жамалдиновдун пикиринде, акырындык менен автоунааларды электромобилдерге өткөрүү керек.

“Экологиянын булгануусу автоунаанын көптүгүнөн болуп жатат. Абага зыян келтирбөө үчүн автоунааларды электромобилдерге акырындык менен өткөрүү зарыл. Бул жакшы сунуш, мындай унаалардын экологияга зыяны жок. Пайда жагы көп эле. Азыр электр кыймылдаткычы менен жүргөн унаалар бар, бирок аз. Ошону менен катар эле Бишкек шаарына абанын булгануусун азайтуу үчүн бактарды көп отургузуш керек”, - дейт Жамалдинов.

НУРБАЕВ: "Ким биринчи электромобиль заводун курса, 10 жыл салыктан бошотуу сунуштары айтылууда"

Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаев автоунааларды электромобилдерге өткөрүү келечектин талабы болуп жатканын айтты.

"Дүйнө жүзү транспорттун ушундай түрүнө өтүүдө. Биз да канчалык тездетсек, ошончолук натыйжасын көрө алабыз. Жогорку Кеңештин депутаттарынын басымдуу бөлүгү мындай кадамды колдоп, Кыргыз мамлекетинде ким биринчи электромобиль заводун курса, 10 жылга чейин бардык салыктардан бошотуу керек деген сунуштарын айтышууда. Кайсы аймак алгачкылардан болуп электромобилди ишке киргизсе, ал келечекти багындырган болот. Ал эми өкмөт канчалык деңгээлде бул ишти аткара алат деген суроо жаралат. Биздин ички бюджеттин 2 миллиард сому сыртка нефть үчүн кетип калууда. Бул акча өлкө ичинде айланса экономикабыз өнүгүп, чет өлкөлөргө болгон көз карандысыздыгыбыз азаят эле. Президент Сооронбай Жээнбеков да Кытайга барып электромобиль чыгарган заводдун иши менен жеринен таанышып келди. Ошонун жыйынтыгында Кыргыз мамлекетинин Экономика министрлиги Кытай тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Эгерде электромобилге өтсөк, абанын булгануусу да азаймак", - дейт эл өкүлү.

ВАСИЛЬЕВ: "Эгер өлкөдө электр энергиясынын көлөмү жетиштүү болсо, анда электромобилге өтсө болот"

ЖЭБдин мурдагы директору, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Лев Васильевдин пикиринде, электр кыймылдаткычы менен жүргөн унаалардын экология үчүн пайдалуулугу жогору.

"Албетте, бизде баланста бар болгон электр энергиясынын жетиштүүлүгүн караш керек. Гидроэнергетика канча энергия берет, мунун баарын анализдеп чыгуу зарыл. Эгер энергия жетиштүү болсо, анда электромобилдерге өтсө болот. Буга байланыштуу чоң систем, чарба, подстанцияларды орнотуу керек. Ал эми бензин жана солярка менен жүргөн унаалар абага зыян заттарды чыгарат", - деди Васильев.

МҮЗҮРАЛИЕВ: “Электромобилдердин баасы кымбат, жөнөкөй жаран үчүн оор болуп калат”

Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Канатбек Мүзүралиев бүгүнкү күндө Бишкек шаарында автоунаалар экологияны бузуп жаткан жок деген пикирде.

“Автоунаалардан экология бузулуп жатса, бул маселе чечилет. Бишкек шаарында буга чейин 20 жыл мурун жаңы конуштар жок болчу. Абанын бузулушу төмөнкү аймактан көрүнүп турат. Жаңы конуштардын баары ошол аймактарда. Элдин бардыгынын көмүр алып жакканга чамасы келбейт. Алар отундун ордуна дөңгөлөктөрдү, тигүүчү цехтерден чыккан калдыктарды жагышат. Ошондон аба булганып жатат. Электромобилдердин баасы кымбат, жөнөкөй жаран үчүн оор болуп калат. Электромобилдердин эң арзаны эле жок дегенде 8 миң доллардан өйдө турат. Анын жарымы бензин, жарымы электр энергиясы менен жүрөт. Таза электромобилдер өтө кымбат баада”, - дейт Мүзүралиев.

БУЛЕКБАЕВ: "Электромобилдерге өткөрүүгө өкмөттүн күчү жетпейт"

"Жашылдар" партиясынын лидери Эркин Булекбаевдин айтымында, электр кыймылдаткычы менен жүргөн унааларга өтүү үчүн комплекстүү программа керек.

"Биздин партия 2019-жылды "Экология жылы" деп жарыялоону сунуштаганбыз. Ага ылайык, айлана-чөйрөнү жакшыртуу иштери боюнча 5 жылдык программа бар. Бул сунуш менен президентке, Коопсуздук кеңешине, өкмөткө кайрылганбыз. Экологияга арналган акцияларга чыкканбыз. Өкмөт бизди уккан жок.

Быйыл июнь айында президент Сооронбай Жээнбеков Кытайга барганда Си Цзиньпин менен жолугушуусунда Кыргыз жергесинде электромобиль заводун курууну сунуштаган. Кичи автобустардын ордуна электр кыймылдаткычы менен жүргөн коомдук унаалар жана троллейбустар жүрүшү керек. Өкмөт электромобилдерди алып бере албайт, буга күчү жетпейт", - деди Булекбаев.

ОШУРАХУНОВА: “Электромобилдерди элге өкмөт алып берсе, билбейм, бирок бул жакында аткарылбай турган иш”

Укук коргоочу Динара Ошурахунова алгач жарандарды аба булганганда өзүнө кам көрүүгө үйрөтүү зарылдыгын айтты.

“Унаалардын баарын электромобилге өткөрүү реалдуу эмес. Унаалар сапатына жараша бааланат да. Жумушсуздук болуп жатканда жарандар арзан унааларды алып акча таап жатышат. Эл электромобиль ала алабы, аны сурап көрүү керек. Эгер өкмөт өзү баарын алмаштырып берем десе, анда билбейм. Бул аткарылбай турган иш. Биз эски нерселерди оңдой албай жатабыз. Электромобиль колдонгон жакшы, бирок ага чейин башка иш-чараларды көрүү керек. Азыр аба булганып жатканда адамдардын ден соолугуна кам көрүш үчүн адистерди тартуу керек. Учурда борбор калаада басып жүргөндөрдүн баарына, балдарга булганган абадан өзүн кантип сакташы керектигин үйрөтүү керек, - деди укук коргоочу.

ӨМҮРАЛИЕВА: “Коомдук транспорттор электромобилдерге өтсө жакшы болмок”

Укук коргоочу Калича Өмүралиева бул аябай чоң көйгөй экенин айтып өттү.

“Биздин өлкө электромобилдерди чыгарбайт. Чет мамлекеттен алган кымбат. Ошондуктан электромобилдерди байлар эле албаса, жөнөкөй жарандар ала албайт. Коомдук транспорттор электромобилдерге өтсө жакшы болмок.

Кытай транспорттун бул түрүнө өтүп жатат. Бирок ал жакта электромобилдер чыгарылат. Экологиялык талаптар күчөсө акырындык менен өтөбүз. Эски автоунаалардын көп болгонунан аба булганып жатат”, - дейт Өмүралиева.

ШҮКҮРОВ: “Абага зыяндуу заттарды чыгарган унаалардын кыймылдаткычын, күйүүчү майдын сапатын текшерүү керек”

Эколог Эмил Шүкүров зыяндуу заттарды абага чыгарган эски унааларды көзөмөлгө алуу зарылдыгын белгиледи.

"Электромобилдерге өтүү жакшы демилге, бирок бул өтө татаал жана көп убакытты ала турган процесс. Азыр жок дегенде унаалардын кыймылдаткычынын, күйүүчү майдын сапатын текшерүү боюнча техникалык инспекцияны ишке киргизүү керек. Анткени башка өлкөлөрдөн келген көп унаалардын эскилиги жеткен, зыяндуу заттарды абага көп чыгарганы үчүн иштен чыккан унааларды бизде айдап жүрүшөт. Учурда бул тармак көзөмөлгө алынбай турат. Муну менен катар альтернативдик жолдорду карап чыкса болот", - деди Шүкүров.

СТАКЕЕВА: “Электромобилдер өнүккөн, бай өлкөлөр үчүн да кымбат болуп калат”

Эколог Бактыгүл Стакеева электромобилге өтүүдөн мурун жакында ишке аша турган долбоорлорду карап чыккан туура деген пикирин айтты.

“Бизде электромобиль үчүн инфраструктура жок да. Мындай транспортко өтүү чоң маселе. Изилдөө жүргөн электромобилдердин потенциалын текшерүү боюнча, ар бир адамга электромобиль сатып ал деп мажбурлай албайбыз. Электромобилдердин кыймылдаткычынын түзүлүшү башкача, ал өзгөчө утилизацияны талап кылат. Муну деле көпчүлүгү айта элек. Айлана чөйрөнү коргоо агенттиги өлкөдө электромобиль чыгаруу сунуштаганын уккам, бирок бул көп убакытты ала турган долбоор. Абанын булганышы, ыш азыркы тапта тез арада чечүүнү талап кылган көйгөй болуп жатат. Жыл сайын күзүндө да, кышында да ушул көйгөй жаралат. Биздин климат мындай ысык болуп бара жатканда нымдуулукту жаратуу аракетин көрүшүбүз керек. Бул үчүн дарактарды көбүрөөк отургузуу зарыл. Бул нерсе эмнеге көтөрүлбөй жатканын түшүнбөйм. Менимче, бир нече электромобиль алып келинген. Аны үйдөн кубаттаса болот. Ал эми массалык түрдө колдонуу башталганда көп кабаттуу үйлөрдө жашагандар эмне кылат? Бул нерсе өнүккөн, бай өлкөлөр үчүн да кымбат болуп калат”, - деди эколог.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан